Касымалиев "Кыргызалтындын" өндүрүштүк иши менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө компаниянын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөн тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, дүкөндүн жылдык кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтынга болгон суроо-талап жогору экени аныкталган.
Ошондой эле Касымалиев 2024-жылдын август айында ишке кирген алтын куймаларын чыгаруучу заводдун иши менен таанышты. Белгиленгендей, долбоор кыска убакытта өзүн актап, өндүрүшкө жумшалган 320 млн сом инвестиция кайтарылган.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасына компаниянын заманбап кырдаалдык борбору көрсөтүлдү. Аталган борбор өндүрүштүк процесстерди көзөмөлдөөнү жана башкарууну жакшыртууга багытталган.

