А.Мадумаров 150 миң доллар акчасы кайтарыла электигин билдирди

А.Мадумаров 150 миң доллар акчасы кайтарыла электигин билдирди

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров былтыр ноябрда үйү тинтилген учурда алынган 150 миң доллар кайтарыла электигин "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. 

Ал бул боюнча сурак дагы болбогонун, буга чейин Башкы прокуратурага дагы кайрылышканын белгиледи.


"Сурак дагы, башка дагы болгон жок. Балам менин акчамды мыйзамсыз алып кетти, кайтарып бергиле деп Башкы прокуратурага дагы кайрылдым. Алар мыйзамдын чегинде карап, тез арада жооп бергиле деп ИИМге кайрылгандан бери канча убакыт өтүп кетти. Акча кайдан деп сурашат. Балама таандык батирди сатып, мынча акчага сатылды, сатып алган киши бул деп жазылып мөөр басылып турат", - деди Мадумаров.


Былтыр декабарда Фейсбукта “Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген топ жана Мадумаровго байланышкан тинтүү” деген аталыштагы үч мүнөткө чукул видео тараган. Анда милиция кызматкерлери Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүүдө саясатчынын сумкасынан 150 миң доллар табылганы айтылган. Тасмада “Мадумаров акчаны жакын арада уулун үйлөнтүп, той өткөрүп, андан кийин үй алып берүү максатында чогултуп жатканын айтканы”, бирок “кийин суракта каражаттын булагын көрсөтүп бере албаганы” белгиленген.

Ошол кезде Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери 150 миң долларды далил зат катары алып кеткенин билдирген. ИИМ буга байланыштуу комментарий бере элек.

Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров былтыр ноябрда ИИМде суракта болгон. Ал күбө катары суралганын жана өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандар менен байланышы жок экенин айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media
Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Корпус "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, 4 кабаттуу имараттын аянты 1 530 чарчы метр. Долбоордун наркы - 80 млн сом. Жер төлөдө - лабораториялар, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр.

Ишкер Media
Жылдык 2% чен менен 20 млн сомго чейин кредит алуунун шарттары түшүндүрүлдү

Жылдык 2% чен менен 20 млн сомго чейин кредит алуунун шарттары түшүндүрүлдү

Ош шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишкерлер менен маалыматтык жолугушуу өттү. Иш-чарага 100дөн ашык жергиликтүү тургундар, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге Холдингдин ишмердүүлүгү, мамлекеттик финансылык колдоо механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары тууралуу маалымат берилди. Холдингдин маалыматына

Ишкер Media
Энергетика министрлиги 252 жаңы трансформатор орнотот

Энергетика министрлиги 252 жаңы трансформатор орнотот

Энергетика министрлиги 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык алкагында өлкөнүн электр тармактарын жаңылоодо. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 252 жаңы күч трансформатору орнотулат. Жабдуулардын баары "Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору менен жеткирилген. Орнотуу иштерин "Кыргызстан

Ишкер Media