"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнүн ири партиясы аныкталганын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Казакстандан келе жаткан кыргыз жараны А.М.В. (1988-жылы туулган) башкарган Volvo Truck үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа өткөрмө пунктуна тиешелүү товар коштоочу документтери жок эл керектөөчү товарлар менен келген", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү товарлар табылган:

  • чарбалык буюмдар,
  • кабелдер,
  • курулуш шаймандары,
  • кондитердик азыктар,
  • кофе,
  • бут кийимдер жана башка эл керектөөчү товарлар.

Жүктүн алдын ала баасы 18,5 млн сомдон ашат.

Тиешелүү документтер таризделгенден кийин, транспорт каражаты, айдоочу жана жүк андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду

Альпинист жана мурдагы чалгын кызматкери Эдуард Кубатов Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү кадрдык чечим өлкө жетекчилиги тарабынан кабыл алынган. Эдуард Кубатов — Кыргызстанда белгилүү альпинист, ишкер жана коомдук ишмер. Ал Альпинизм федерациясынын президенти болуп саналат жана дүйнөдөгү эң күчтүү альпинисттердин катарына кирет. Ал Эверест чокусун багындырган

Кыргызстан алкоголду колдонуу боюнча канчанчы орунда?

Кыргызстан алкоголду колдонуу боюнча канчанчы орунда?

Кыргызстанда бир адамга жылына орто эсеп менен 5 литр таза спирт туура келерин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алкоголдун ден соолукка тийгизген таасиринин учурдагы тенденциялары боюнча глобалдык отчетунда келтирген. Өлкөдө эркектер орто эсеп менен 8,7 литр, ал эми аялдар 1,5 литр алкоголь колдонушат. Азия өлкөлөрүндө алкоголду көп колдонгон 10

Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Бишкек шаарындагы Осмон-Ата турак жай массиви аймагында Чыгыш айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу бузула турган 12 үйдүн ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынганын 10-апрелде борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жер тилкелери боюнча ээлерине тең баалуу жер берүү же мыйзамда каралган башка альтернативалуу варианттарды сунуштоо максатында алмашуу жүргүзүлөт.

Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

2040-жылга чейин 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болорун "Казинформ" Анадолу агенттигинин маалыматына таянып жазды. Калктын өсүшү, климаттын өзгөрүшү жана керектөөнүн көбөйүшү суу ресурстарына болгон суроо-талапты күчөтүп, суу коопсуздугун негизги глобалдык көйгөйгө айландырууда. Божомолдор боюнча, 2040-жылга чейин 33 өлкө "суу тартыштыгы өтө жогору" зонасында болот. Дүйнөлүк ресурстар