Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет
Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды кайра иштетүүчүлөр жана сорттоочулар катышкан жыйын өткөрүп, анда тармактагы учурдагы көйгөйлөр жана сунуштар талкууланган.
Ал белгилегендей, өлкөдө мыйзамдуу жана мыйзамсыз таштанды полигондору маселеси дагы эле курч бойдон калууда. Ошол эле учурда калдыктардын олуттуу бөлүгүн кайра иштетүүгө мүмкүн.
"Бул таштанды жайларында негизинен экинчи өмүр берүүгө боло турган товарлар бар — аларды өрттөп же жок кылбай, кайра иштетсе болот", — деди Мамбетова.
Мыйзамга ылайык, өлкөдө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги механизми жана утилизациялык жыйым иштейт. Ишкананын маалыматына караганда, жөнгө салууга 24 товардык топ жана 380ден ашык продукция түрү кирет. Алардын ичинде таңгактар, дөңгөлөктөр, тиричилик техникасы жана майлар бар.
Ошол эле учурда айрым багыттар боюнча, анын ичинде тиричилик техникасы жана электроника боюнча, тиешелүү ишканалар жок болгондуктан кайра иштетүү жүргүзүлбөйт.
Мамбетова билдиргендей, кайра иштетүүчүлөрдөн түшкөн сунуштар бул тармактарда жаңы долбоорлорду ишке киргизүү үчүн каралып жатат. Каржылоо утилизациялык жыйымдардын эсебинен жүргүзүлөт.
"Азыркы учурда 2025-жылдын январынан бери болжол менен 160 млн сом жыйналды. Бул каражаттар импорттоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлөт", — деп тактады ал.