Кыргызстан айрым жашылчаларды импорттоого тарифтик жеңилдиктерди алды

Кыргызстан айрым жашылчаларды импорттоого тарифтик жеңилдиктерди алды

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө чекене соода үчүн айрым жашылчаларды импорттоодо бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берди.

Анын алкагында Кыргызстан төмөнкү көлөмдө жеңилдик алды:

  • картошка — 50 миң тоннадан ашпаган;
  • түстүү капуста жана брокколи — 500 тоннага чейин;
  • бадыраң — 400 тоннага чейин;
  • баклажан — 200 тоннага чейин;
  • таттуу калемпир — 2 миң тоннага чейин (2026-жылдын 30-июнуна чейин);
  • помидор — 5 миң тоннага чейин (2026-жылдын 31-майына чейин).

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев белгилегендей, адатта мезгил алмашкан учурда жашылча базарында баалар олуттуу өзгөрүп турат. Бул негизинен жергиликтүү өндүрүштүн запастары түгөнгөнүнө байланыштуу. Кабыл алынган чара ички рынокто сунушту көбөйтүп, калк үчүн жашылчалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.нын ишенимине кирип, анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алган. Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды

Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгында Талас шаарындагы медициналык колледжде ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2026-жылдын мартына чейин бир жаран расмий түрдө жумушка кабыл алынганы менен, иш жүзүндө эмгек милдеттерин аткарган эмес. Ошого карабастан, ага жалган табелдердин негизинде үзгүлтүксүз айлык маяна

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы 10-апрелде Бишкекте өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү. Башкы экономист Кыргызстандын макроэкономикалык божомолун тааныштырды. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстан Борбор Азия жана Кавказ аймагында ИДПнын өсүшү боюнча