Кыргызстан ЭЭАларындагы ишканалардан бюджетке 5 млрд сомго чейин каражат түшөт

Кыргызстан ЭЭАларындагы ишканалардан бюджетке 5 млрд сомго чейин каражат түшөт

Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактарда бүгүнкү күндө 385тен ашуун субъект иш алып барат, ал эми бюджетке жыл сайын 3–5 млрд сом өлчөмүндө каражат түшөт. Бул тууралуу радионун эфиринде  Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин жаңы объекттерди ишке киргизүү боюнча тапшырмасынын алкагында 2024-жылы эркин экономикалык аймактарда 8ге жакын объект ачылган. Ал эми быйыл дагы 6–10 объектти ишке киргизүү пландалууда.

Равшанбек Сабиров белгилегендей, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү үчүн индустриалдык парктар жана инновациялык долбоорлор да ишке ашырылууда. Май айында жумушчу топ Татарстандагы "Алабуга" экономикалык зонасынын иш тажрыйбасын изилдөөнү пландап жатат. Ошондой эле индустриалдык парктарды түзүү боюнча тажрыйбаны үйрөнүү үчүн Кытайга делегация жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, ал Нарын эркин экономикалык аймагы Дубайда жайгашкан дүйнөлүк эркин экономикалык аймактар ассоциациясына кошулганын билдирди.

Агенттиктин башчысы инвесторлор менен иштөө туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканын, анын ичинде инвестициялык мыйзамдарды түшүндүрүү жана долбоорлорду сунуштоо иштери бар экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу долбоору жана логистикалык борборлорду түзүү инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады.  “Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү тапшырмасы

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи. Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, шаарда эки жаңы

"Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди

"Соң-Көл балык чарбасы" 3 көлгө 1 млн 800 миң чабак кое берди

2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.