"Соң-Көл балык чарбасы" 3 көлгө 1 млн 800 миң чабак кое берди

"Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди

2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан жана Балык өнөр жайы комплекси департаментинин штаттан тышкары кызматкерлеринин катышуусунда май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары төмөнкү көлдөргө коё берилди:
• Соң-Көл көлүнө 800 миң даана,
• Чоң Ара-Көл көлүнө 500 миң даана,
• Кичи Ара-Көл көлүнө 500 миң даана.

Иш-чара көлдөрдөгү балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады.  “Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү тапшырмасы

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи. Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан