Жер калкынын саны планетанын ресурстук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашты
Жер жүзүнүн калкы планетанын ресурстарын түгөтүүдө тийиштүү деңгээлден ашып кеткенин британдык Environmental Research Letters журналына таянуу менен РИА Новости жазды.
Окумуштуулар калктын санынын өсүшү жана азыркы ресурстарга – энергия, суу, минералдык байлыктарга болгон суроо-талапты эске алып, адамзаттын келечектеги жашоосун талдаган. Алардын болжолу боюнча, XXI кылымдын экинчи жарымында калктын саны 11-12 миллиардга жетиши мүмкүн. Глобалдык жылуулук жана табияттын бузулушу тобокелчилигин азайтуу үчүн адамдардын саны 2,5 миллиарддан көп болбошу керек.
Адистер белгилешкендей, тарыхтагы чечүүчү учур - XX кылымдын ортосу болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калк тез көбөйүп, ресурстарды көп колдонуу флора жана жаныбарларга чоң жүк алып келген.