Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн гипсокартон импорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн гипсокартон импорттоого тыюу салынды

Министрлер кабинети ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн гипстен жасалган плиталарды, панелдерди жана ушуга окшош, орнаментсиз, кагаз же картон менен капталган курулуш материалдарын (ТЭИ ТН коду 6809 11 000 0) импорттоого 6 айлык тыюу салганы МинКабдын документтеринде айтылат.

Белгиленгендей, бул чечим ЕАЭБ тууралуу келишимге жана Министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык кабыл алынган.

Экономика жана коммерция министрлигине үч күндүн ичинде Дүйнөлүк соода уюму(ДСУ) жана Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) тууралуу маалымат берүү тапшырылды. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги аркылуу КМШнын Аткаруу комитетине да билдирүү жөнөтүлөт.

Министрлер кабинети мындай мораторий ички рынокту колдоо жана курулуш тармагындагы соода агымдарын жөнгө салуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Достук айылындагы гипс ташын казып алуу жана кайра иштетүүчү ишкана 2025-жылы модернизация жана жаңы өндүрүш комплексин курууга байланыштуу ишин убактылуу токтоткону маалымдалган. Убактылуу чектөөлөрдү киргизүү анын өндүрүш ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу үчүн шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

ЖК өкүлдөрү ФАО менен кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңештин комитет төрагасы Кубанычбек Самаков жана депутат Махабат Мавлянова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы каралып, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кубанычбек Самаков акыркы жылдары эки

Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Турак жай салыктарын автоматтык түрдө эсептөө системасы киргизилди

Марттан тарта өлкөдө мамлекеттик кадастр кызматынын маалыматтарына негизделген салыктарды автоматтык эсептөө системасы киргизилди. Бул кызмат жарандар үчүн салык төлөөнү жеңилдетүүгө, адам факторун азайтууга жана тең шарттарды камсыздоого багытталган. Салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө жана жергиликтүү салыктар башкармалыгынын башчысы Туратбек Күлчороев билдиргендей, буга чейин мүлк ээлери салыктын суммасын өз алдынча эсептеп