Кыргызстандан Россияга автоунаа жүк ташуулары 56%га кыскарды – ATI.SU

Кыргызстандан Россияга автоунаа жүк ташуулары 56%га кыскарды – ATI.SU

2026-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда эл аралык автомобиль жүк ташуу тармагында олуттуу дисбаланс байкалган. Эл аралык "ATI.SU логистикалык платформасынын" маалыматына ылайык, өлкөгө товар алып келүүгө болгон суроо-талап кескин өсүп жатканда, экспорт көрсөткүчтөрү кыйла төмөндөп кеткен.

Кыргызстанга жүк жеткирүү боюнча өтүнмөлөрдүн саны жылдык эсепте 24%га өскөн. 2025-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу өсүш 44%ды түзгөн.

Негизги агым төмөнкү өлкөлөрдөн камсыздалган: Россия — +23%, Беларусь — +34%, Казахстан — +10%.

Импорттун болжол менен үчтөн бири мурдагыдай эле Кытайдан келет. Импорттук жүк ташуунун баасы орто эсеп менен 7%га жогорулаган.
Автомобиль транспорту менен товарларды сыртка чыгарууга болгон суроо-талап жыл ичинде 52%га кыскарган. Өткөн жылдын аягына салыштырмалуу төмөндөө 34%га жеткен. Эң чоң төмөндөө Россия багытында катталган — өтүнмөлөрдүн саны 56%га азайган. Экспорттук жүк ташуунун тарифтери 8%га арзандаган.

"Суроо-талаптын динамикасы тышкы соода менен байланыштуу. Көрсөткүчтөргө Россияга киргизилген товарларга көзөмөлдүн күчөтүлүшү жана параллелдүү импорттун кыскарышы таасир этүүдө. Ошол эле учурда экспорттун бир бөлүгү платформаларды айланып өтүп, түз келишимдер аркылуу жүргүзүлүп жатат. Ал эми ЕАЭБ ичиндеги каботаждык ташуулар статистикада көбүрөөк чагылдырылууда", — деп түшүндүрдү ATI.SU платформасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Эмирлан Бейилбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media