Чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жаңы программа иштелип чыгат

Чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жаңы программа иштелип чыгат

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлер арасында терең сурамжылоолорду жүргүзүп, алардын жыйынтыктарын талкуулоо аркылуу чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы программа иштеп чыгып жатат. Бул тууралуу радионун түз эфиринде министрликтин бизнес чөйрөсү саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди.

Анын айтымында, программаны даярдоонун алкагында ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлгөн: эксперттер аймактарга барып, жеринде көйгөйлөрдү жана суроолорду угушкан. Чогултулган маалыматтардын негизинде документти иштеп чыгуу башталган.

Сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 500дөн ашык ишкер катышкан. Катышуучулардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына туура келген — 34%, Нарын облусу — 20%, Баткен облусу — 9%, Жалал-Абад облусу — 11%, Ысык-Көл облусу — 7%, Ош облусу — 6,8% жана Чүй облусу — 6%.

Изилдөөнү жетектеген эксперт Мухтар Жумалиевдин айтымында, 500дөн ашык ишкер жоопторду кагаз түрүндө берген.

Анын белгилешинче, сурамжылоонун жыйынтыгы бизнес үчүн негизги көйгөйлөрдү көрсөттү. Алардын ичинде каржылоого жеткиликтүүлүктүн чектелиши жана ишкерлердин укуктарын коргоо маселелери бар.

"Ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси бардык аймактарда көтөрүлдү. Жолдор курулуп жатат, бирок ошол эле учурда ишкерлердин дүкөндөрү бузулуп, аларга зыян келтирилүүдө. Ушуга байланыштуу көп сунуштар түштү — бузуу иштерин бизнес менен сүйлөшпөй жана акыркы макулдашууга жетпей жүргүзбөө керек", — деди ал.

Мындан тышкары, сурамжылоонун жүрүшүндө ишкерлерден өнүгүү стратегияларынын бар-жогу тууралуу да суралган.

Жыйынтыгында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн 60%ында расмий бизнес-пландар жок экени аныкталган — алар ишин көбүнчө жеке тажрыйбасына таянып жүргүзүшөт.

"Кыргызстанда жалпысынан пландарды кагазга түшүрүү адаты калыптана элек. Бирок банктар баштагы идеяларды кабыл албайт — расмий бизнес-долбоорлор керек. Көптөгөн ишкерлер мындай пландарды кантип түзүүнү билишпейт, ошондуктан бул багытта окутууга жана колдоого муктаж экенин белгилешүүдө", — деди Жумалиев.

Программаны иштеп чыгуу ПРООН, ОБСЕ жана Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media