Дүйнө жүзүндө 2027-жылдын аягында дагы 4 млн адам качкынга айланышы ыктымал

Дүйнө жүзүндө 2027-жылдын аягында дагы 4 млн адам качкынга айланышы ыктымал

Дүйнө жүзү боюнча согуштар жана гуманитардык жардамдын кыскарышына байланыштуу келерки жылдын аягында дагы 4 миллиондон ашуун киши качкынга айланышы ыктымал экенин Reuters агенттиги Дания кеңешинин качкындар менен иштеген башкы катчысы Шарлотта Слентенин айткандарына таянып жазды.


Эл аралык Кызыл жарым ай комитетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө өз турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болгондордун саны 117 миллиондой адамды түзүүдө. Ошол эле учурда жаңжалдардын саны XXI кылымдын башына салыштырмалуу болжол менен 130га чейин, дээрлик эки эсе өстү.

Жер которгондордун басымдуу бөлүгү төрт жылдан бери согуш жүрүп жаткан Судандан качкандар. Бул убакыттын ичинде 13,5 млн адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз жана жакынкы эки жылда дагы 670 миңдей адам жер которууга аргасыз болушу мүмкүн.

Андан тышкары, каржылоонун жетишсиздигинен улам БУУнун агенттиктери кошуна Чаддагы качкындарды суу жана тамак-аш менен камсыз кылууну азайтышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media