Кыргызстанда эң жогорку маяна кен казууда, эң төмөнкү маяна маданият тармагында

Кыргызстанда эң жогорку маяна кен казууда, эң төмөнкү маяна маданият тармагында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиришинче,  Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айындагы маалыматына ылайык, өлкөдө эң жогорку айлык акы кен казуу тармагында, ал эми эң төмөнкү айлык маданият тармагында катталган.

Орточо айлык акылар:

  • Кен казуу тармагы — 86 971 сом
  • Финансы — 83 277 сом
  • Маалымат жана байланыш — 80 277 сом
  • Өнөр жай — 68 101 сом
  • Транспорт — 58 657 сом
  • Илимий ишмердүүлүк — 58 541 сом
  • Курулуш — 57 472 сом
  • Соода — 55 188 сом
  • Айыл чарба — 33 813 сом
  • Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар — 30 509 сом
  • Кызмат көрсөтүү — 29 679 сом
  • Билим берүү — 27 352 сом
  • Маданият — 27 326 сом
Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматтарына 39 373 жаран кайрылып, алардын 27 427си эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу, кайра даярдоо жана кесип тандоо боюнча кеңеш алышкан.

Эмгек рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу максатында 2 039 жаран кесиптик окутууга жөнөтүлгөн.

Окутуу төмөнкү талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлөт: ашпозчу, тигүүчү, чач тарач, 1С билген бухгалтер, автоэлектрик, компьютер оператору, соода агенти, косметолог, маникюр чебери, массажист, визажист, котормочу, тери жана мех устасы, дизайнер, электр-газ ширетүүчү жана сантехник.

Ошондой эле убактылуу жумуш менен камсыз кылуу алкагында 1 974 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media