Марлен Маматалиев: Беларусь Республикасы менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 154,4%га өстү

Марлен Маматалиев: Беларусь Республикасы менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 154,4%га өстү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка таянсак, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан узак жылдарды камтыган кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Андан тышкары, экономикалык жаатта да алгылыктуу иштер жасалып, товар жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 154,4%га өскөнүн белгилеген. Марлен Маматалиев бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, соода байланышын дагы чыңдоо зарыл экенине токтолду. 

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

 

Мындан тышкары окуңуз

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media
“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media
Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Knighthood Global консалтингдик компаниясынын төрагасы Джеймс Хоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүү, эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана улуттук авиа ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган эң маанилүү социалдык азыктардын бири болуп саналат. Анын баасынын өзгөрүшү керектөөчүлөргө да, дыйкандарга да түздөн-түз таасир этет. Буга байланыштуу өлкөдө картошка өндүрүү, анын баалары, импорттун көлөмү тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын бул багыттагы суроолоруна Суу ресурстары, айыл чарба

Ишкер Media