Кыргызстан ЕБ санкцияларына каршы, айланып өтүүчү инструментти колдонгон биринчи өлкө болду
Кыргызстан Европа Биримдиги колдонгон санкцияларга каршы, айланып өтүп атайын инструментти колдонгон биринчи өлкө болуп калгандыгын Экономист.кг сайты Reuters басылмасына шилтеме берип, жарыялады.
22-апрелде бекитилген санкциялардын 20-пакетинин алкагында, Брюссель Кыргызстанга кош багыттагы маанилүү товарларды жеткирүүгө түздөн-түз тыюу салды.
Тыюуга эмнелер кирди
Европа биримдиктин чечими республикалык карым-катнашты жогорку көзөмөл режимине алмаштырып жатат. Кыргызстанга экспорттоого төмөнкү негизги товарлар толук чектелди:
Металл кесүүчү станоктор — анын ичинде жогорку тактыкта кесүү жана формалоо үчүн колдонулган сандык программалык башкаруу (ЧПУ) менен жабдылган жабдуулар. ЕБ мындай технологияларды аскердик-өнөр жай комплекси үчүн маанилүү деп эсептейт;
Коммуникациялык жабдуулар — модемдер, роутерлер, радиостанциялар, үн, сүрөт жана маалымат берүүчү башка жабдуулар.
Мындан тышкары, Кыргызстандын айрым логистикалык компанияларына да чектөөлөр киргизилип, алар Европа Биримдигинин транспорттук тармактарына жана портторуна кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды.
Чектөөнүн себептери жана статистикасы
Санкциянын 11-пакетинде эле каралган механизмди иштетүүнүн себеби соода көрсөткүчтөрүнүн кескин өсүшү болгон. Еврокомиссиянын маалыматына ылайык, 2025-жылы ЕБден Кыргызстанга электроника экспорту 800%га өскөнал эми Кыргызстандан Россияга жабдууларды жеткирүү 1200%га көбөйгөн.
ЕБнин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан бир нече жолу Кыргызстанга келгенине карабаы, Бишкек бул агымдарды токтотуу боюнча жетиштүү чараларды көргөн жок деп эсептейт Брюссель.
Бизнеске тийгизген таасири
Бул инструментти активдештирүү, ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын “күнөөсүздүк презумпциясы” саясаты менен жөнгө салынарын билдирет. Эми Кыргызстанга уруксат берилген товарларды да саткысы келген ар бир европалык компания - продукциясы РФ рыногуна багытталбай турганын далилдеши керек.
Бул ички рынокко да таасир этип, европалык өнөр жай жабдууларынын тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Анткени жеткирүүчүлөр экинчи санкциялардан коркуп, товар жөнөтүүдөн баш тартышы ыктымал.