“Кыргызстан–аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” транспорттук форуму өтүп жатат

“Кыргызстан–аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” транспорттук форуму өтүп жатат

Форумга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) транспорт министрлери, ошондой эле чет мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана финансылык институттар, илимий мекемелердин өкүлдөрү катышып жатат.

Жыйындын негизги максаты – катышуучу өлкөлөр ортосундагы транспорттук кызматташууну өнүктүрүү, мурда кабыл алынган демилгелерди ишке ашыруу жана мындан аркы биргелешкен аракеттерди координациялоо.

Иш-чаранын күн тартибине ылайык, аймактагы эл аралык транспорттук-логистикалык коридорлордун ролу ошондой эле транспорттук ташууларды өнүктүрүүдөгү мааниси талкууланып жатат.

Мында негизги төмөнкү маселелер каралууда:

  • Транспорт тармагындагы ташуу процесстерин санариптештирүү, анын ичинде жол жүрүү убактысын кыскартуу, чечим кабыл алуу процесстерин жакшыртуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу;
  • Транспорттук коридорлордун боюндагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара байланыштуулукту камсыз кылуу жана инфраструктураны өнүктүрүү;

  • Транспорттук коридорлор аркылуу чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

  • Транспорт тармагындагы проблемалуу маселелер жана аларды чечүү жолдору.

Белгилей кетсек, форумдун алкагындагы жыйындарга аталган уюмдарга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери жана башкы катчылары катышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген