Чек араларда ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү демилгеленди

Чек араларда ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү демилгеленди

Кыргызстанда товарларды чек арадан өткөрүүдө ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы нускаманын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу ветеринардык кызматтан маалымдашты.

Маалыматка таянсак, документ өлкөгө кооптуу жаныбар ооруларынын жана сапатсыз мал чарба продукцияларынын кирүүсүнүн алдын алууга багытталган. Айрыкча шарп, африкалык чума жана куш тумоосу сыяктуу ооруларга көңүл бурулууда.

Жаңы тартипке ылайык, чек арада жүктөрдү текшерүү бирдиктүү эрежелер менен жүргүзүлүп, документтик, физикалык жана лабораториялык көзөмөл күчөтүлөт. Эреже бузулган учурда продукция кайтарылып же жок кылынат.

Ошондой эле бардык процесстер “Санарип VET” системасы аркылуу санариптик форматта катталып, көзөмөлдүн ачык-айкындуулугу жогорулайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды