Кыргызстанда расмий статистиканын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө

Кыргызстанда расмий статистиканын 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө

Бүгүн, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда КРнын расмий статистикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Мааракенин алкагында «Статистикалык бизнес-процесстерди модернизациялоо: расмий статистиканын жаңы экосистемасын түзүү» аттуу эл аралык форум уюштурулуп, анда өлкөнүн статистика тармагынын баскан жолу жана келечектеги санариптик стратегиясы талкууланууда.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет мамлекеттердин статистика кызматтарынын жетекчилери катышып жатышат.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө жаңы этаптын башкы максаты - статистиканы жөн гана отчёттук орган эмес, коомчулук жана бизнес үчүн ыңгайлуу "сервистик моделге” өткөрүү экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын статистикасы толугу менен санариптик платформаларга өтүү алдында турат. Бул мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда так аналитикага таянууга жана калкка реалдуу убакыт режиминдеги маалыматтарды сунуштоого шарт түзөт.

Кыргызстанда статистикалык ишмердүүлүктүн тамыры XIX кылымдын экинчи жарымына барып такалса да, анын мамлекеттик деңгээлде калыптанышы 1926-жылга таандык. Дал ошол жылы, 29-апрелде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда статистиканын ишмердүүлүгү башталган.

Жүз жылдык тарыхтын ичинде бул тармак ат менен айыл кыдырып, маалыматты кагазга чийген баштапкы этаптан, бүгүнкү жасалма интеллект жана булуттук технологиялар (cloud computing) дооруна чейинки зор эволюцияны басып өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

1-январдан тартып айрым жарандардын категорияларына карап пенсиясын жана кошумча төлөмдөрүн жогорулатуу сунушталууда. Бул долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордо мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн айрым аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 300 сомго жеткирүү да каралган.  "Ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media