Кыргызстан менен Албаниянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Албаниянын экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 2026-жылдын 22-апрелинде, Бакыт Сыдыков Албания Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеж айым менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар өз өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүү тенденциялары жана артыкчылыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ишкердикти колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Министр Бакыт Сыдыков экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүү, кош салык салуудан качуу, туризм тармагында кызматташуу маселелерин иштеп чыгууну сунуштады. 
Элчи Блерта Кадзадеж экономикалык байланыштарды активдештирүү жана келишимдик базаны өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечектүү тармактарын белгиледи.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда