Жаратылыш ресурстары министрлигинде 100 млн сомдон ашуун каржылык кемчилик аныкталды

Жаратылыш ресурстары министрлигинде 100 млн сомдон ашуун каржылык кемчилик аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде, анын карамагындагы мекемелерде жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын “Көмөкчү чарба” филиалында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялады.

Аудит 2024-жылдан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтып, эсеп-кысап жүргүзүү, бюджеттик тартипти сактоо жана мамлекеттик мүлктү пайдалануу багыттарын текшерген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө товардык-материалдык баалуулуктардын 939 миң сомдон ашык жетишсиздиги аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү “Көмөкчү чарба” филиалына туура келет. Ошондой эле аталган филиалда эсеп жана отчеттуулук жүргүзүүдөгү 9,4 млн сомдук, ал эми мүлктү пайдалануу жана активдерди эсепке алуудагы 7 млн сомдон ашык мыйзам бузуулар катталган.

“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасында кен байлыктарын пайдалануу үчүн төлөнүүчү бонус боюнча 3,4 млн сом кошумча эсептелсе, эмгек акы төлөөгө байланыштуу 7,2 млн сомдук кемчиликтер аныкталган.

Аудит мамлекеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануу фактыларын да көрсөткөн. Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү өндүрүү боюнча жетиштүү иштер жүргүзүлбөгөндүктөн, чарба субъекттеринин карызы министрликтин борбордук аппаратында 46,7 млн сомго, ал эми Чүй регионалдык башкармалыгында 14,1 млн сомго жеткен.

Мындан тышкары, Балыкчы шаарындагы экологиялык постту жана кирүү аркасын оңдоо иштеринде келишимдик талаптар бузулуп, жумуштар толук аяктай электе 5,3 млн сомдук каражаттын 90 пайызы алдын ала төлөнүп берилгени белгилүү болгон.

Аудиттин жүрүшүндө “Озон борбору” мекемесинде дагы бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, эмгек келишимдерин түзбөстөн жана жумуш убактысын эсепке албастан 10,7 млн сом өлчөмүндө эмгек акы төлөнгөн. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча талаптар сакталбай, 7,6 млн сомдук товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түз сатып алынганы белгиленген.

Жыйынтыгында Эсептөө палатасы министрликке аныкталган каржылык кемчиликтерди жоюу жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштарды берди.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media