Дастан Бекешев: Жаштар ашыкча насыя алып жатышат

Дастан Бекешев: Жаштар ашыкча насыя алып жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук банктын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун кароо учурунда өлкөнүн каржы секторундагы бир катар көйгөйлөргө көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

Депутаттын социалдык баракчасында жазган билдирүүсүнө караганда, бюджет боюнча комитеттин жыйынында Улуттук банктын отчету угулуп, анда каржы кызматтарын пайдалануучулардын укуктарын коргоо маселеси, жаштардын ашыкча насыяга батышы жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгү талкууланган.

Депутат учурда каржы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктары жетиштүү деңгээлде корголбой жатканын белгилеп, жаштар арасында насыя жүктөмүнүн көбөйүшү кооптондуруучу көрүнүш экенин айтты. Ошондой эле банктык кызматтар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дагы эле толук жеткиликтүү эмес экенине көңүл бурду.

Мындан тышкары, Бекешев каржы тармагында башка да системалуу маселелер бар экенин белгилеп, Улуттук банк бул багыттарда ишти күчөтүшү керектигин билдирди. Депутаттын маалыматына ылайык, Улуттук банктын өкүлдөрү көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча ишти жакшыртууга убада беришти.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media