30,5 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды
Чолпон айыл аймагына караштуу “Эрсары-Шайтан-Кашар” участогундагы 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткен.
Бул жагдайды Кочкор райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө аныктаган.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, тийиштүү иш-чаралардын жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укукту аныктоочу актылар жараксыз деп табылды.
Аталган аймактын базар баасы 30 млн 500 миң сомду түзөт. 30 гектарды ээлеген сугат айдоо жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылып берилди.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!