Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолу экономика менен туризмге дем берет

Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолу экономика менен туризмге дем берет

КРнын Президенти Садыр Жапаров 14-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы жаңы темир жол долбоору өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгилеп, анын аймактын экономикасына жана туристтик потенциалына чоң салым кошорун айтты.

Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөдө темир жол тармагынын көрсөткүчтөрү кыйла жакшырды. 2025-жылдын жыйынтыгында темир жол аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 10 миллион тоннага жетип, 2021-жылга салыштырмалуу 36% өскөн. Ал эми жүргүнчүлөрдүн саны төрт жыл ичинде 255 миңден 432 миң адамга чейин көбөйгөн.

"Иштин мындай ыкчам ыргагы тармактын ишмердүүлүгү жакшырып, темир жолдун өлкөнүн транспорттук системасындагы ролу кеңейип жатканын айгинелейт. Натыйжада элибиздин темир жол транспортуна болгон ишеними артып баратат", — деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле учурда стратегиялык мааниге ээ болгон Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу активдүү жүрүп жатканын белгилеп, ички темир жол тармагын өнүктүрүү үчүн Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече–Макмал багыты боюнча да иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

Жаңы Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун узундугу болжол менен 86 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында темир жолду Ысык-Көл эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралып, заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, долбоор толук ишке киргенден кийин жылына 5 млн тоннага чейин жүк ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болот", — деди Президент.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 400дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлүп, темир жол пайдаланууга берилгенден кийин дагы 200дөн ашык туруктуу жумуш оруну ачылары күтүлүүдө.

Садыр Жапаров ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чет элдик адистердин тажрыйбасын пайдалануу зарылдыгын белгилеп, ошол эле учурда кыргызстандык инженерлер менен куруучуларды даярдоо иштери да улантылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата–Каракол темир жолунун курулушун Кыргызстан өз күчү менен ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүккө ээ.

Президент сөзүнүн соңунда жаңы темир жол долбоору өлкөнүн экономикасын, туризмин жана транспорттук байланыштарын өнүктүрүүгө кызмат кыларын белгилеп, ал келечекте Ысык-Көл аймагынын инвестициялык жагымдуулугун арттыра турганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media
Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткен шаарына калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында арзандатылган көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, учурда көмүр Кызыл-Жол жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктарында сатыкка чыгарылды. Бир кабы 360 сомдон берилип жатат. Мэрия бул демилге кыш мезгилинде элди арзан көмүр менен

Ишкер Media
Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, бүгүн жаңы унаанын бет ачары өттү. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, мындай электромобиль университетте биринчи жолу жасалды. Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен. Учурда окуу жайдын

Ишкер Media