Ишкерлерди колдоо боюнча жаңы чаралар кабыл алынды

Ишкерлерди колдоо боюнча жаңы чаралар кабыл алынды

КРнын Президентинин «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ишкердикти өнүктүрүүгө жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар жаңы чаралар каралды.

Документке ылайык, ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин бирдиктүү салык режиминен жалпы салык режимине өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул бизнес өкүлдөрүнө өз ишмердүүлүгүнө ылайыктуу салык режимин тандоого жана ишкердикти кеңейтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусунда турак жайларды курууга катышкан курулуш компанияларынын салыктык карыздарын эсептен чыгаруу каралган. Өкмөт бул чечимди социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга салым кошкон ишкерлерди колдоо чарасы катары баалоодо.

Жарлыкта ошондой эле ишкерлерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин мыйзамдаштырылган товардык калдыктар боюнча маалыматтарды тактоо мүмкүнчүлүгү берилери белгиленген. Бул кошумча салыктык эсептөөлөрдүн алдын алууга жардам берет.

Кыймылсыз мүлккө байланыштуу дагы жеңилдиктер каралган. Мамлекеттик кадастрдын маалыматтарынын негизинде салыктарды автоматтык эсептөө системасына өтүүгө байланыштуу салык төлөөчүлөр 2026-жыл үчүн эсептелген суммалар боюнча туум төлөөдөн бошотулат.

Ошол эле учурда бийлик көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштү күчөтүү ниетинде. Бул максатта контрабандалык товарлар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу, анын ичинде мыйзам бузууга байланыштуу айып пулдарды товарлардын наркына жараша белгилөө сунушталууда.

Жаңы чаралар ишкерлер үчүн салыктык жүктү жеңилдетүүгө, бизнести мыйзамдаштырууга жана өлкөдөгү ишкердик чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media