"Кең-Сай" өткөрүү пунктунда 48 тоннага жакын дарбыз артка кайтарылды

"Кең-Сай" өткөрүү пунктунда 48 тоннага жакын дарбыз артка кайтарылды

"Кең-Сай" өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстанстандан ташылып келаткан жалпы салмагы 47 тонна 780 килограмм болгон дарбыздын эки партиясы Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлгөн фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө жүктөрдөн мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, дарбыздын бир партиясы фитосанитардык сертификатсыз ташылып келсе, экинчи партиясында продукциянын талапка ылайык маркировкасы болгон эмес.

Белгиленген талаптардын бузулушуна байланыштуу жүктөр өлкө аймагына өткөрүлбөй, жүк ташуучуларга кайра кайтарылды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media