Кыргызстанда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү

Кыргызстанда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында курулуш тармагындагы иштердин көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү. Ошондой эле дүң жана чекене соода жүгүртүүсү 10,4%, айыл чарба продукциясынын көлөмү 3,7% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу 4,8% түзгөн.

Анын ичинде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,8%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 6,5%, азык-түлүк эмес товарлар 2,8%, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 7,1% жогорулаган.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталган. Эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда байкалып, баалардын өсүшү 10,3% түзгөн. Бул негизинен алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын 15,1%, азык-түлүк эмес товарлардын 8,8% жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин 17,1% кымбатташы менен байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media