Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% азайды

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% азайды

Үстүбүздөгу жылдын январь–апрель айларында Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4 млрд 760,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 1 млрд 790,5 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь–апрель айларына салыштырмалуу 1,8%га азайган.

Маалыматка ылайык, экспорттук ташуулар 11,7%га кыскарса, импорттук түшүүлөр тескерисинче 1,0%га өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын негизги бөлүгү Россия Федерациясына (67,4%) жана Казакстан Республикасына (30,2%) туура келген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү