"Жашыл кепилдиктер" компонентин колдоого 59 млн доллар бөлүнөт

"Жашыл кепилдиктер" компонентин колдоого 59 млн доллар бөлүнөт

Кыргызстанда экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы демилге ишке кирүүдө. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагындагы «Жашыл кепилдиктер» компоненти үчүн 59 миллион $ көлөмүндө каржылоо каралды.

Кепилдик фондунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-июнунда “Кепилдик фонду” ААКсы менен КРнын Финансы министрлигинин ортосунда тиешелүү субсидиардык келишим кабыл алынган. Ага “Кепилдик фонду” ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана Финансы министринин орун басары Умутжан Аманбаев кол коюшкан.

Билдирүүгө караганда, жаңы механизм ишкерлер үчүн экологиялык таза технологияларды киргизүүгө жана бизнестин энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

“Экономиканын жашыл трансформациясы жеткиликтүү каржылоосуз мүмкүн эмес. Жаңы кепилдик механизми ишкерлерге заманбап экологиялык технологияларды киргизүүгө жана бизнестин энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет. “Кепилдик фонду” үчүн бул долбоорго катышуу кепилдик колдоо системасын өнүктүрүүдө жана Кыргызстанда туруктуу каржылоо принциптерин илгерилетүүдө маанилүү кадам болуп саналат”– деди Малик-Айдар Абакиров.

Долбоор өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана экологиялык жоопкерчиликтүү ишкердикти колдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул демилге чакан жана орто бизнес үчүн жашыл долбоорлорду каржылоонун жеткиликтүүлүгүн арттырат деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media