Евро 100 сомдон ашты: валюта базарындагы соңку өзгөрүүлөр

Евро 100 сомдон ашты: валюта базарындагы соңку өзгөрүүлөр

18-июнга карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда чет элдик валюталардын курсу жаңыланды. Евронун сатуу баасы 101 сомдон ашып, доллар салыштырмалуу туруктуу деңгээлде сакталууда.

Маалыматка ылайык, АКШ доллары орточо эсеп менен 87,37 сомдон сатып алынып, 87,80 сомдон сатылууда. Ал эми Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун 87,45 сом деп белгиледи.

Евро валютасынын курсу жогорулап, орточо сатып алуу баасы 100,44 сомду, сатуу баасы 101,43 сомду түздү. Улуттук банктын расмий курсу 101,46 сом болуп катталды.

Орус рублинин орточо сатып алуу курсу 1,131 сом, сатуу курсу 1,210 сом болсо, казак теңгеси орточо 0,1616 сомдон сатып алынып, 0,1926 сомдон сатылууда.

Ошондой эле кытай юанынын орточо сатып алуу баасы 12,56 сомду, сатуу баасы 13,24 сомду түздү. Британ фунту стерлинги болсо орточо 111,33 сомдон сатып алынып, 116,68 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, евро жана фунттун расмий курсу жогорку деңгээлде сакталып, эң кымбат валюталардын катарында калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media