Бишкекте өтө турган инвестициялык бизнес-форумга даярдык талкууланды

Бишкекте өтө турган инвестициялык бизнес-форумга даярдык талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен эксперттик видеоконференция өткөрүп, Бишкекте өтө турган Инвестициялык бизнес-форумга даярдык маселелерин талкуулады.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 24–25-июнда Бишкекте өтө турган ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумуна даярдык көрүү алкагында уюштурулган. Анын жүрүшүндө расмий жана бизнес-делегациялардын катышуусу, катышуучулардын курамын түзүү, ошондой эле уюштуруучулук жана протоколдук маселелер каралды.

Талкуунун негизги темаларынын бири ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумунун жыйынтыктоочу биргелешкен резолюциясынын долбоору болду. Катышуучулар документ боюнча сунуштарын айтып, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанисине токтолушту.

Ошондой эле кыргыз тарап форумдун даярдык иштери тууралуу маалымат берип, иш-чаранын программасын, панелдик сессиялардын темаларын жана бизнес-программанын негизги багыттарын тааныштырды.

Видеоконференциянын жыйынтыгында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү форумга катышууга даяр экендиктерин ырастап, биргелешкен резолюцияга кол коюу демилгесин колдошту.

ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, инвесторлорду, бизнес-коомчулукту жана өнүктүрүү институттарын бириктирген маанилүү аянтча болуп, экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media