Мамлекеттик банктар 130дан ашык компания менен кызматташууну токтотту

Мамлекеттик банктар 130дан ашык компания менен кызматташууну токтотту

Кыргызстандын мамлекеттик банктары санкциялык тобокелдиктерди азайтуу жана комплаенс-көзөмөлдү күчөтүп, айрым компаниялар менен ишкердик мамилелерин токтотту. Бул тууралуу 23-июнда Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өткөн жумушчу кеңешмеде маалым болду.

Жыйында европалык тараптан түшкөн кайрылуулардын негизинде санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгү жана каржы тармагындагы көзөмөл чаралары талкууланды.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик банктар кардарларды жана төлөмдөрдү күн сайын Европа Биримдиги, Улуу Британия жана АКШ баштаган өлкөлөрдүн санкциялык тизмелери боюнча текшерип турушат. Санкциялык тобокелдик белгилери аныкталган операциялар токтотулат же кошумча текшерүүгө алынат.

2026-жылдын 1-майынан тартып жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында:

«Элдик Банк» болжол менен 80 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Дагы 40ка жакын компания боюнча текшерүү жүрүүдө. Ошондой эле жыл башынан бери шектүү операциялар боюнча 13 миңге жакын билдирүү ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлгөн.
«АБАНК» болжол менен 51 компания менен кызматташууну токтотту. Дагы 40ка жакын компания текшерилип жатат. Банк тарабынан шектүү операциялар боюнча 4 миңге жакын билдирүү жөнөтүлгөн.

Белгиленгендей, Кыргызстан каржылык туруктуулукту камсыз кылууга жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин сактоого багытталган иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media