Ак-Талаанын өнөр жай өндүрүшү 4,3 эсеге өстү

Ак-Талаанын өнөр жай өндүрүшү 4,3 эсеге өстү

Президент Садыр Жапаров 25-июнда Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуп, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү, инфратүзүмдүк долбоорлор жана келечектеги иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары Ак-Талаада өнөр жай өндүрүшү 4,3 эсеге өскөнүн айтты. Беш жыл ичинде ондогон чакырым жолго асфальт төшөлүп, дагы кошумча жол тилкелери салынары белгиленди.

Ошондой эле район аймагында бир катар мамлекеттик мекемелердин имараттары жана жаңы мектептер курулуп жатканын, билим берүү мекемелеринин тармагы кеңейип жатканын кошумчалады.

“Айылдык ден соолук пункттары жаңыланып, фельдшердик-акушердик пункттардын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. 5 жыл аралыгында Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 6 унаа, анын ичинде 2 тез жардам унаасы, ошондой эле медициналык жабдыктар берилди”, - деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, аймакта өнөр жай ишканалары ачылып, кичи ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.

Президент Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорунун маанисин өзгөчө белгилеп, ал аймактын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media