Кыргызстанда IT тармагынын кирешеси 195,4 млн долларга жетти

Кыргызстанда IT тармагынын кирешеси 195,4 млн долларга жетти

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмунун “Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү”инвестициялык бизнес-форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Данияр Амангелдиев 10 өлкөнү, 3,4 миллиарддан ашык калкты, болжол менен 30 триллион долларга барабар ИДПны жана дүйнөлүк айыл чарба өндүрүмүнүн 38%ын бириктирген уюмдун стратегиялык масштабын баса белгиледи. Акыркы төрт жылда жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүнүн аркасында Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү эки эседен ашык өстү. 

Аймактык артыкчылыктар катары Министрлер Кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну атады. 

Ал Кыргызстандын ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктады жана санариптик соода, жашыл энергетика, логистика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай кооперациясы жана саламаттыкты сактоого басым жасоону сунуштады. Форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ырааттуу реформалары тууралуу маалымдалды. Акыркы 5 жылда өлкөнүн орточо жылдык экономикалык өсүшү 10%га жакын, 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11%га, ал эми 2026-жылдын 5 айында – 12,2%га жетти.

Сөздүн жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн негизги драйверлери кеңири тааныштырылды. Данияр Амангелдиев технологиялык сектордун динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, өлкө IT-бизнес үчүн келечектүү аянтчага айланып баратканын баса белгиледи. Акыркы он жылда IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйдү, ал эми 2025-жылы сектордун кирешеси 195,4 млн долларга жетип, жылына 50% өсүү көрсөттү. Ал "жашыл" экономиканы, саламаттыкты сактоо тармагын, ошондой эле туризмди өнүктүрүүнү мамлекеттик саясаттын дагы бир маанилүү артыкчылыгы деп атады. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media
Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкек шаардык мэриясы борбордо жакында бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди. Маалыматка караганда, буга тиешелүү калаа бийлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемеси бар. Борбордо төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолгон: * Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин; * Жибек Жолу проспектиси боюнча

Ишкер Media