Кытай, Кыргызстандагы долбоорлордун ишке ашырылышын колдойт

Кытай, Кыргызстандагы долбоорлордун ишке ашырылышын колдойт

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, КЭРдин мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери Дин Сюэсян менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар буга чейин эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушууларында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарында мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгилөө менен жаңы ишке ашырыла турган маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Жолугушууда негизинен, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын саясий эрки жана жеке колдоосунун аркасында “Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында үчүнчү “Бедел” чек ара бекетинин ачылышы, “Барскоон – Бедел – Учтурфан – Аксу” унаа жолунун курулушу сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылышы, эки өлкөнүн транспорттук байланышын бекемдөө жана соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзүүгө багытталганы белгиленди. 

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, “КЭРдин СУАР аймагы чоң аймактардын бири. Бул аймак аркылуу Кыргызстан менен өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшайбыз жана бекеттердин үзгүлтүксүз иштешине кызыкдарбыз. Ошондой эле, кызматташуунун жаңы багыттары боюнча активдүү иш алып барууга кытай тарап даяр”, - деди ал. 

Тараптар бүгүнкү жолугушууда каралган маселелерди жакында боло турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга жетишүү зарылдыгы макулдашылды.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media
Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкек шаардык мэриясы борбордо жакында бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди. Маалыматка караганда, буга тиешелүү калаа бийлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемеси бар. Борбордо төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолгон: * Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин; * Жибек Жолу проспектиси боюнча

Ишкер Media