Кытайлык инвесторлор Кыргызстанга жер семирткич өндүрүүчү завод курууга кызыкдар

Кытайлык инвесторлор Кыргызстанга жер семирткич өндүрүүчү завод курууга кызыкдар

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын бир катар компанияларынын жетекчилери менен инвестиция, өндүрүш жана кайра иштетүү тармактарында эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү. 

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “Sinopec” корпорациясынын башкармалыгынын Төрагасы Хоу Цицзюнь менен жолукту. 

Анда мунай жана газ тармагындагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын ичинен алтынчы орунда турган “Sinopec” корпорациясы менен Кыргызстанда мунай жана газ тармагында, ошондой эле кайра жаралуучу энергия тармагында биргелешкен өндүрүш,  кайра иштетүү ишканаларын түзүү долбоорлорун ишке ашыруу каралды. 

Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков “CIECC Planning and Design Research Co., Ltd.”, “Beijing Huafu Engineering Co., Ltd.” жана “Shaanxi Construction New Energy Co., Ltd.” сыяктуу кытай компанияларынын жетекчилери менен Кыргызстандын аймагында минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кытай компаниялары Кыргызстанда карбамид жана азоттук жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу долбоорун сунуштады.

Жолугушууда бул долбоордун инвестициялык потенциалы жогору экени жана долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, жергиликтүү дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууга жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media
Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат

Бишкек шаардык мэриясы борбордо жакында бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди. Маалыматка караганда, буга тиешелүү калаа бийлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемеси бар. Борбордо төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолгон: * Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин; * Жибек Жолу проспектиси боюнча

Ишкер Media