Сокулуктагы куш чарбасында тооктун саны 100 миңге жакындады

Сокулуктагы куш чарбасында тооктун саны 100 миңге жакындады

25-июнда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Сокулук районундагы "Эко Куш" куш багуучу чарбасында болуп, ишкананын өндүрүштүк абалы менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ишкана 2023-жылдан тартып эт багытындагы бройлер тоокторду өстүрүү менен алектенет. Өткөн жылы декабрда 40 миң суткалык балапан алынган болсо, учурда тооктун саны 100 миңге жакындады. Өндүрүм өлкө аймактарына туруктуу жеткирилип, калкты ата мекендик тоок эти менен камсыздоого салым кошууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жогору экени белгиленип, толук кубаттуулукта ишке киргизүү үчүн кошумча инвестиция талап кылынары айтылды. Жети өндүрүштүк корпус толук ишке кирсе, өндүрүш көлөмүн кыйла көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Бакыт Төрөбаев өлкөдө куш чарбаларын өнүктүрүү, импортко көз карандылыкты азайтуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү негизги максат экенин белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media