Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана техникалык жардам көрсөтүү программаларын ишке ашырууга бурулду.

Мындан тышкары, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын шайлоо округдарынын алдыдагы жолугушуусуна даярдык көрүү, ошондой эле Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия менен кызматташууну кеңейтүү маселелери каралды.

Министр Руслан Суйналиев Швейцария өкмөтүнө Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, ишке ашырылып жаткан программалар мамлекеттик финансыны чыңдоого, бюджеттик башкарууну жакшыртууга жана экономикалык институттарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого жана Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media