Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 20,7%га өстү
Кыргызстан жумуртка өндүрүү боюнча Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстанда 294,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7%га көп.
Кыргызстандан кийинки орунда Казакстан турат. Казакстанда жумуртка өндүрүү 8,6%га өскөн.
Жалпысынан ЕАЭБ өлкөлөрүндө аталган мезгил аралыгында жумуртка өндүрүү 2,6%дык өсүштү көрсөттү.