Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

30-июнда Женева шаарында Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун укук боюнча Консультациялык борборуна (ACWL) кошулуусу тууралуу протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан аталган борборго мүчө болгон 47-өлкө болуп калды.

Протоколго Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы туруктуу өкүлү Омар Султанов жана Консультациялык борбордун аткаруучу директору Найл Мигер кол коюшту. Кол коюу аземине Норвегиянын ДСУ алдындагы туруктуу өкүлү, элчи Петтер Ольберг да катышты.

Белгиленгендей, Кыргызстандын борборго кошулуусу Норвегия Королдугунун каржылык колдоосу менен ишке ашты.

Кыргызстан бул борборго кошулуу менен бир катар мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна байланыштуу маселелер боюнча кошумча чыгымсыз юридикалык кеңештерди ала алат.
Ошондой эле соода талаштары чыккан учурда жеңилдетилген шартта укуктук жардам көрсөтүлөт жана талаштарды кароонун бардык баскычтарында эл аралык адистердин колдоосу болот.
Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер ДСУнун укуктук маселелери боюнча акысыз окутуудан өтүп, деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлөт.

Тактай кетсек, АCWL — 2001-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм. Анын негизги милдети — өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө соода талаштарын жөнгө салуу маселелери боюнча юридикалык жардам көрсөтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы