Накталай жол кире акысын алган айдоочулар иштен кетти. Мэриянын жаңы эрежеси мыйзамга шайкеш келеби?
2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок бул талапка карабастан, айрым жүргүнчүлөр жол акысын накталай төлөп, айдоочулар да аны кабыл алган учурлар катталууда.
Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, жол кирени төлөө тартибин көзөмөлдөө максатында күн сайын рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдөн накталай акча алган бир нече айдоочу аныкталып, ички эмгек тартибин бузгандыгы үчүн жумуштан бошотулган.
Муниципалдык ишкана билдиргендей, жол кирени накталай кабыл алуу боюнча аныкталган ар бир учур кызматтык териштирүүнүн негизинде каралып, мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алынат.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып муниципалдык автобустарда жол кире накталай эмес, электрондук түрдө "Тулпар" транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана "Элкарт" банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөм жүргүзүү эрежеси киргизилген.
Ошондой эле эрежеге баш ийбей, жол кирени төлөбөгөн же төлөгөнүн тастыктаган талону жок жүргүнчүлөргө - 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул салынаары маалымдалган.
Бул талапка - мыйзам эмне дейт?
Мэриянын бул жаңы эрежесинин мыйзамдуулугу боюнча бир катар суроолор жаралууда.
Себеби, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-главасында улуттук валюта – Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, КРнын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ кабыл алынат – деп так көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы буга чейин бир нече жолу өз позициясын төмөнкүдөй билдирген:
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо артыкчылыктуу бойдон калат. Ар бир жүргүнчү мыйзамдарга ылайык жол кирени накталай да, накталай эмес да төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек."
Ошондой эле 2026-жылдын 22-июнунда "Ишкер Медиа" басылмасы бул маселенин мыйзамдуулугу тууралуу суроо салып, Бишкек мэриясына расмий кат менен кайрылган. Андан бери 15 жумушчу күнү өттү, жооп азыркыга чейин бериле элек.
Эгерде кайрадан мыйзамга таянсак, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамда, мамлекеттик органдар ЖМКнын маалымат берүү тууралуу суроо-талабына 14 календардык күндөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү, деп так мөөнөтү белгиленген.
Демек, шаардык мэриянын тийиштүү бөлүмдөрү же кызматкерлери өздөрү эрежени бузуп жаткан жокпу? - деген суроо жаралууда.
Редакциянын жамааты мэриянын бул боюнча жообун күтөт жана аны менен коомчулукка бөлүшүүгө даярдыгын билдирет.