Климаттык каржылоо жана "жашыл" инвестициялар боюнча талкуу өттү

Климаттык каржылоо жана "жашыл" инвестициялар боюнча талкуу өттү

Экономика жана коммерция министрлигинде "Кыргызстанда климаттык каржылоо, ESG жана көмүртек рыногу: кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу сессия өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын жана каржы кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле өнөктөштөр катышты.

Жолугушууда туруктуу каржылоонун заманбап ыкмалары, климаттык долбоорлорду ишке ашыруу жана өлкөгө инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Катышуучуларга 2026–2030-жылдарга климаттык инвестициялык программа, улуттук ESG системасын түзүү, көмүртек рыногун өнүктүрүү жана климаттык каржылоону тартуу механизмдери тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, "жашыл" инвестицияларды өнүктүрүү, эл аралык каржы институттары менен кызматташууну кеңейтүү жана климаттык долбоорлорду ишке ашыруу багыттары каралды.

Тактап кетсек, ESG — бул уюмдардын экологияга, коомго жана башкаруу сапатына жоопкерчилигин баалоочу негизги талаптар. Ага айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык жоопкерчилик жана ачык-айкын башкаруу багыттары кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол