Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Кыргызстандын өкүлдөрү Сингапурда эл аралык рейтинг агенттиги, каржы институттары жана инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууларда Кыргызстандын экономикалык өсүшү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана эл аралык капиталга чыгуу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап Moody’s өкүлдөрүнө өлкөдөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөр, өнөр жайдын, туризмдин өнүгүшү, инфраструктуралык долбоорлор жана инвестициялык климат тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2022-жылы жана 2023-жылы 9%, 2024-жылы 11,5%, 2025-жылы 11,1 %га өскөн. Ал эми 2026-жылдын январь–июнь айларында экономиканын өсүү темпи 12,2%ды түздү.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өлкөнүн экономикасы мурдагыдай акча которууларга, "Кумтөр" кенине жана реэкспорттук соодага гана көз каранды эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, өсүш барган сайын өнөр жай, кызмат көрсөтүү, туризм, инфраструктура жана жаңы инвестициялык долбоорлордун эсебинен камсыздалууда.

Мындан тышкары, Сингапурдун Валюталык башкармалыгы жана финансы секторунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, банктык көзөмөл, санариптештирүү, эл аралык резервдерди башкаруу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу