Жогорку Кеңешке алты айда 980 млн сомдон ашык каражат сарпталды

Жогорку Кеңешке алты айда 980 млн сомдон ашык каражат сарпталды

2026-жылдын январь-июнь айларында Жогорку Кеңеш 980,3 миллион сом чыгымдады. Бул бир жылга каралган 1,87 миллиард сомдун 52,4%ын түзөт. Маалыматтар "Ачык бюджет" порталында жарыяланды.

Ага ылайык, парламенттин чыгымдарынын басымдуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акыларына багытталып, 838,8 млн сом жумшалган. Анын ичине айлык маяналар, үстөк акылар, кошумча төлөмдөр жана Социалдык фондго төлөнүүчү чегерүүлөр кирет.

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 104,9 млн сом сарпталган. Бул каражаттар иш сапарларга, байланыш кызматтарына, мүлктү күтүүгө, товарларды сатып алууга жана өкүлчүлүк иш-чараларга кеткен.

Тактап айтканда, кызматтык иш сапарларга 16,4 млн сом жумшалса, анын 14,6 млн сому чет өлкөлүк сапарларга кеткен. Өкүлчүлүк чыгымдары 71 млн сомду, байланыш кызматтары 3 млн сомго жакын сумманы түзгөн.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш биринчи жарым жылдыкта мүлк жана жабдууларды сатып алууга 42,7 млн сом бөлгөн. Анын ичинен компьютердик жабдууларга 22,7 млн сом, эмеректерге 19,5 млн сом сарпталган.

Мындан тышкары, резервдик фонддун чыгымдары 36,5 миллион сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана дыйкандарды колдоо;

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media