Кыргызстан менен Индия зер буюмдардын экспортун кеңейтүүнү макулдашты

Кыргызстан менен Индия зер буюмдардын экспортун кеңейтүүнү макулдашты

Бишкекте экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Акматов Индиянын Баалуу таштарды жана зергерчилик буюмдарын экспорттоону илгерилетүү кеңешинин президенти Сохил Котари менен жолукту.

Тараптар зергерчилик жана асыл таштарды иштетүү тармагындагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, заманбап технологияларды киргизүү, адистерди даярдоо жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташтыгын чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап индиялык делегацияга өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн мамлекеттик колдоо механизмдери, ошондой эле зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө багытталган салыктык жана бажылык жеңилдиктер тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана Кыргызстанда өндүрүлгөн даяр зергерчилик өндүрүмүн Евразия экономикалык биримдигинин, Европа Биримдигинин жана АКШнын рынокторуна чыгаруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media
Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Ноокатта күздүк айдоо иштерине 10 тонна күйүүчү май бөлүндү

Республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектар жерге себүү пландалууда. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ош облусунда 32 миң гектар аянтка себүү пландалган. Ал эми Ноокат районунда күздүк буудай жана арпа себүү үчүн жалпы 10 300 гектар жер аянты каралган. Бүгүнкү күнгө карата 1

Ишкер Media
Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Караколдо туризм тармагындагы ишкердик долбоор колдоого алынды

Каракол шаарында ишкер Бакыт Ыбыкеев туристтер үчүн жайлуу A-frame үйлөрүн куруу долбоорун ишке ашырды. Долбоор аймактын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомунан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган демилгени ишке ашыруу үчүн ишкерге “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААК аркылуу

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

Садыр Жапаров: Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 трлн сомдон ашты

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Касымалиев Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин мааракеси менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо текстин окуп берди. Куттуктоодо Эсептөө палатасы мамлекеттик

Ишкер Media