Баткенде заманбап базар курулууда
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, облус борборунда курулуп жаткан дүң соода комплексинин курулушунан кабар алды.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнмаалыматына ылайык, заманбап базардын курулушу, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын республикалык бюджетен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланууда.
Ири долбоор, жылдан жылга өтүп каржылануучу обьекттердин катарына кирет. Дүң соода комплекси 4 блоктон турат.
Учурда базардын биринчи бөлүгүнүн курулушу аяктады. Алдыда калган үч блоктун курулушу, базардын айланасынын жол, суу, жарыктандыруу, унаа токтоочу жай, көрктөндүрүү иштер аткарылат.