Кыргызстан менен Жапония ишкерлерди колдоо боюнча жаңы демилгелерди иштеп чыгат

Кыргызстан менен Жапония ишкерлерди колдоо боюнча жаңы демилгелерди иштеп чыгат

Кыргызстан менен Жапония чакан жана орто ишкердикти колдоо багытындагы кызматташтыктын жаңы баскычына өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Беназир Нурланованын Жапонияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Токиодо Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда ишкерлерди колдоону күчөтүү, бизнес-билим берүү программаларын өнүктүрүү жана чакан жана орто ишканалар үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун ийгиликтүү тажрыйбасын кеңейтүү, ошондой эле ишкерлерге туруктуу каржылоо мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн насыялык кепилдик тутумуна Жапониянын тажрыйбасын киргизүү багыттарын карашты.

Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлигинин алдында чакан жана орто ишкердикти колдоого багытталган ЧОИ-Хаб түзүү демилгеси талкууланды. Ал ишкерлер үчүн окутуу, өндүрүштүк-логистикалык колдоо жана мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берген аянтча болот.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Жапония чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган жаңы техникалык кызматташтык долбоорлорун биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media