Садыр Жапаров: Тышкы карыз ички дүң продукциянын 39%ын түзөт

Садыр Жапаров: Тышкы карыз ички дүң продукциянын 39%ын түзөт

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу кылды. Ал Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаровдун айтымына караганда, ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына карата өлчөнөт. 

Эгер, 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120% ын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПнын 39%ын түзөт. Бул санды келечекте эң көп болсо 50%дан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом. Ар бир алынган карыз мурдакыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен көрүнүктүү, 100 % көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат.

Көп эле өлкөлөр ИДПнын өлчөмүнөн 100%дан ашып кетишкен. Бирок биз аларды үлгү кылбашыбыз керек. 

Мындан тышкары окуңуз

Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолуна асфальт төшөлдү

Ысык-Көл айланма автожолунун 104 – 184, 5-чакырымындагы Корумду – Балбай баатыр тилкесин оңдоо  иштери тынымсыз уланууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, бүгүнкү күндө жалпы 79,2 чакырым төмөнкү катмардагы асфальт төшөлүп бүттү. Ошондой эле 71,6 чакырым аралыкка асфальттын үстүңкү катмары төшөлдү.  Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана

Мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу дрон учурууга чектөө киргизилет

Мамлекеттик маанилүү иш-чараларга байланыштуу дрон учурууга чектөө киргизилет

Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында учкучсуз учуучу аппараттарды жана чакан авиацияны пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилет. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бул чектөө Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын консультативдик жолугушуусуна, ошондой эле F1H2O суу-мотор спорту боюнча

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 51 миң 888 сомду түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25%га өстү. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу эмгек акы 13,1%га жогорулады. Статистика комитетинин маалыматына

Кумтөр кенинен мамлекетке  1,2 млрд доллар каражат түштү

Кумтөр кенинен мамлекетке  1,2 млрд доллар каражат түштү

Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулду. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын отчёттук маалыматында айтылат. Бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт. Аталган мезгил