Айыл чарба министрлигинде 722,9 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Айыл чарба министрлигинде 722,9 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигиндеги аудиттин жыйынтыгы менен 722,9 миллион сомдон ашык эреже бузууларды аныктады.

Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, анын мекемелер жана аймактык бөлүмдөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин аяктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 722 миллион 908,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана кемчиликтер ачыкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 614,8 миллион сомдун 560 миллион 22,3 миң сому жана 3,8 миң доллары бюджетке кайтарылды.

Аудиттин жүрүшүндө эң эле ири мыйзам бузуулар бюджетке кирешелердин өз убагында чегерилбегендигине байланыштуу болгон. Алсак, акы төлөнүүчү кызматтардан жана мүлктү тескөөдөн түшкөн 535,2 миллион сом, милдеттүү төлөмдөр боюнча 29,3 миллион сом жана айып пулдардан 312,7 миң сом бюджетке өз убагында чегерилген эмес. Текшерүү учурунда аталган кирешелердин басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 532,9 миллион сому кайрадан бюджетке калыбына келтирилди.

Мындан сырткары, министрликте ички финансылык тартип боюнча да олуттуу мүчүлүштүктөр табылды. Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка төлөмдөргө ченемден ашыкча 47,8 миллион сом сарпталса, товардык-материалдык баалуулуктардын эсебинен 7,7 миллион сом ашыкча чыгымдалган. Ошондой эле бухгалтердик эсептеги каталар, дебитордук карыздарды эсептөөдөгү бузуулар 42 миллион сомду түзүп, курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жасалма ашыруу боюнча 5 миллион сомдон ашык каражат аныкталып, толугу менен бюджетке кайтарылды. Ал эми мамлекеттик инвестициялык долбоорлордо ЕАЭБ келишимдерин аткаруу эрежелерин бузуу менен катар 13,8 миллион сомдук мыйзам бузуулар катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media