Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде көп азык-түлүктөр кымбаттады

Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде көп азык-түлүктөр кымбаттады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын жана коңшу Орусия менен Казакстанда азык-түлүктөрдүн бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүктөрдүн наркы өстү. Тактап айтканда, пияздын баасы 3,5%, сабиз 3%, тоок жумурткасы 2,7%, таңгакталган макарон азыктары 0,5%, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 0,3%, тандыр нан 0,1%, уй эти (сулп этинен башкасы) 0,1% жана кумшекер 0,1%га кымбаттаган. Ал эми кой этинин баасы 0,2%га төмөндөгөн.

Казакстанстанда да баалар өскөн. Алардын арасында ак капуста — 0,9%, кой эти жана балык — 0,6%, кумшекер — 0,6%, кефир жана каймак май — 0,4%, пияз — 0,4%га кымбаттаган. Ошондой эле нан, картөшкө, күрүч, макарон азыктары, эт, сүт азыктары жана өсүмдүк майынын наркы 0,1–0,3% жогорулаган.

Ошондой эле Казакстанда айрым жашылча-жемиштердин баасы арзандаган. Бадыраң 4,6%, помидор 3,2%, сабиз 3,2%, жумуртка 0,4%, буудай уну 0,3%, тоок эти 0,2%, пастерленген сүт жана кара чайдын наркы 0,1%га төмөндөгөн.

Орусияда да азык-түлүк рыногунда өзгөрүүлөр байкалды. Кумшекердин баасы 1,8%, гречка 0,8%, сабиз, аш тузу жана 1-сорттогу буудай уну 0,4%га чейин жогорулаган. Ошондой эле макарон азыктары, нан, сүт, эт жана күн карама майынын баалары бир аз өскөн.

Ал эми бадыраң 6,3%, помидор 3,8%, тоок жумурткасы 1,3%, картөшкө жана пияз 0,4%, каймак май 0,2%, каймак жана сырдын баасы 0,1%га арзандаган.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай мониторингдер азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө, туруктуулукту камсыз кылуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media