Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 1-июлга карата 317 млрд 26,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, жүгүртүүдөгү акчанын ичинен 31 млрд 20,3 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 286 млрд 5,9 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда болгон.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 33 млрд 264,3 млн сомго же 13,2%га көбөйгөн.

2026-жылдын II чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына өлкө аймагынан 1 трлн 841 млрд 600,5 млн сом келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын II чейрегине салыштырмалуу 496 млрд 744,4 млн сомго же 36,9%га өскөн.

Ал эми коммерциялык банктардын кассаларынан II чейректе 1 трлн 880 млрд 341,2 млн сом берилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 496 млрд 906 млн сомго же 35,9%га көп.

Аймактар боюнча нак акча кайтарымдуулугу Бишкек шаарында 99,2%ды түзгөн. Ал эми Чүй облусунда бул көрсөткүч 100,2%, Баткен облусунда 100,2 %, Ош облусунда 100,1% болгон.

Тактап кетсек, жүгүртүүдөгү акча — бул калктын жана ишканалардын колундагы, ошондой эле коммерциялык банктардын (насыя берүүчү уюмдардын) кассаларында турган нак акча каражаттарынын жалпы көлөмү. Жүгүртүүдөгү акчанын көбөйүшү түздөн-түз калктын байлыгы көбөйдү дегенди билдирбейт. Анын өзгөрүшүнө инфляция, баалардын өсүшү жана товар жүгүртүүнүн көлөмү да таасир этет.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун